Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу франциялык “Osi-Panthera” уюму менен биргеликте коруктун аймагындагы жапайы жаныбарлардын абалына мониторинг жүргүзүп келет.
02-сентябрь 2026, 13:50
Мониторингдин негизги максаты — коруктун аймагында кездешкен жапайы жаныбарлардын түрлөрүн, алардын жашоо чөйрөсүн жана кыймыл-аракетин байкоо, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды коргоо боюнча маалыматтарды топтоо болуп саналат.
Мониторинг иштеринин алкагында коруктун аймагынын ар кайсы жерлерине атайын фотокапкандар орнотулуп, жапайы жаныбарлардын табигый шарттагы жашоо-турмушу үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүүдө.
Жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыгында фотокапкандарга Кызыл китепке кирген бир катар сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлар түшүрүлгөн. Алардын ичинде күрөң аюу, ак илбирс ж.б бар.
Аталган мониторинг иштери 2026-жылдан тартып активдүү жүргүзүлүп, алынган маалыматтар жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын популяциясынын абалын баалоо багытында маанилүү маалыматтык база болуп саналат.
Белгилей кетксек, учурда Кыргызстандын Кызыл китебин жаңылоо иштери жүрүп жатат. Учурда ага сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, канаттуулардын 57 түрү, балыктардын 7 түрү, жерде-сууда жашоочулардын жана сойлоочулардын 10 түрү, ошондой эле муунак буттуулардын 18 түрү киргизилген.