Кекилик жана кыргоолду коргоо багытындагы илимий санитардык иш-чара

Чүй өрөөнү
Кекилик жана кыргоолду коргоо багытындагы илимий санитардык иш-чара
2025-жылдын жыйынтыктары, 2026-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер жана илимий максатта санитардык  иштерди жүргүзүү тууралуу


2026-жылдын 4-мартында  Чүй районунун Он бир - Жылга айылына караштуу Кызыл-Суу капчыгайынын Таарылган – Кокту өрөөнүнө жумушчу иш сапары уюштурулду.


Санитардык-биотехникалык иш сапарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкери А. Давлетбаков, Токмок райондор аралык мергенчилер коомунун егерьлери, ошондой эле жарандык активисттер катышты.

Илимий паразитологиялык изилдөөлөрдүн алкагында кекилик жана кыргоолго санитардык илимдик (санитардык алуу) иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаралар жапайы жаныбарлар арасында эпизоотиялык абалды изилдөө жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, илимий негизде гана ишке ашырылды.

Чүй регионалдык башкармалыгынын башчысы  Т. Салыков  коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө башкармалыктын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, жетишилген негизги көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берип, 2026-жылга карата артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.


Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы У. Жамынчиев жапайы жаныбарлар жана канаттуулар арасында эпизоотиянын алдын алуу максатында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлүп жаткан биотехникалык иш-чаралар тууралуу баяндады.


Жапайы жаныбарлардын абалына туруктуу мониторинг жүргүзүү — жугуштуу оорулардын алдын алуунун негизги шарттарынын бири. Жапайы фаунанын арасында эпизоотиялык кырдаалды дайыма көзөмөлдөп туруу зарыл.


Чүй облусу айыл чарбасы өнүккөн аймак болуп саналат. Ошондой эле бул жерде канаттуулардын, анын ичинде келгин куштардын миграциясы арбын. Ушуга байланыштуу эпизоотиялык абалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөө өзгөчө мааниге ээ.


Жапайы жана үй жаныбарларынын коопсуздугун камсыз кылуу — туруктуу өнүгүүнүн маанилүү бөлүгү.


Жаратылыш министрлигине караштуу Чүй регионалдык башкармалыгы жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына туруктуу көзөмөл жүргүзүлөрүн белгилейт. Негизги артыкчылыктардын катарында Чүй облусунда экологиялык абалды жакшыртуу, аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо кирет.