Кыргызстандын жаратылышын сактоонун негизи: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы илимий изилдөө иштери
17-март 2026, 15:13
Илимий-изилдөө иштери Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Так ушул системалуу изилдөөлөр өлкөнүн уникалдуу экосистемаларын сактап калууга гана эмес, курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө негизделген чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Бул иштин алкагында дайыма экспедициялык жана мониторингдик иштер жүргүзүлүп келет. Алардын максаты — жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн курамын жана санын изилдөө, ошондой эле жаратылыш процесстеринин динамикасын талдоо болуп саналат. Алынган маалыматтар биологиялык ар түрдүүлүктүн абалына баа берүү жана жаратылышты коргоо чараларын иштеп чыгуу үчүн маанилүү негиз болуп берет.
Илимий мамилени иш жүзүндө ишке ашыруунун мисалдарынын бири — күрөң аюунун жаратылышка кайтарылышы болду.
2025-жылдын 3-июлунда Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагына NABU Кыргызстан уюмунун жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборунда реабилитациядан өткөн аюунун мамалагы коё берилди.
Жаныбар борбордо 2024-жылдын май айынан бери багылып келген — ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан эки айлык кезинде алынып келинген. Мамалакты эркиндикке чыгарар алдында ага идентификациялык бирка жана GPS-кулакчын (ошейник) тагылды. Учурда адистер анын табигый чөйрөгө көнүүсүнө туруктуу байкоо жүргүзүүнү улантышууда.
Жаратылыш объекттерине жана кубулуштарына жыл бою мониторинг жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Илимий кызматкерлер тынымсыз байкоо жүргүзүп, алардын жыйынтыктары жыл сайын «Жаратылыш хроникасы» басылмасына катталып турат.
Департамент тарабынан аталган илимий жыйнактын 500 нускасы даярдалып, басып чыгарылды. Материалдар комплекстүү экологиялык мониторингдин негизинде түзүлүп, төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
жаратылыш комплекстеринин учурдагы абалына баа берүүгө;
курчап турган чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө көз салууга;
андан аркы изилдөөлөр үчүн илимий базаны түзүүгө.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бардык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын субъекттери «Жаратылыш хроникасы» электрондук версияларын сунушташты, бул экологиялык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана системалаштырылышын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Илимий мамиле, системалуу мониторинг жана практикалык жаратылышты коргоо чаралары — Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш мурасын келечек муундар үчүн сактап калуунун маанилүү куралдары.