Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине биринчи орун басар дайындалды

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине биринчи орун басар дайындалды
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалган Сейдалиев Жениш Каныбековичти министр А. Токтобаев эмгек жамаатына тааныштырды.


«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Сейдалиев Жениш Каныбекович Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.


Тааныштыруу аземине министрдин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.