Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

«Экологиялык Укук бузуулар жөнүндө кодекс, мыйзамсыз аңчылык, бак-дарактарды кыйуу, дары чөптөрдү жыйноо боюнча айыптык санкциялардын өзгөртүлгөн тарифтери» аталышындагы семинарлар өткөрүлдү.

2023-жылдын 5-6-сентябрында Ноокен районунда Жалал-Абад шаарында, Ош шаарындагы Орхус Борбору ЕККУнун “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы менен биргеликте 2 семинарды уюштурушту.

Бул семинарларга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин, КР ЖРЭТКМ Ош, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын адистери, эки ЖЧК “Беке-Чал”, “Алтын жайык” (Мергенчилик чарбаларынын) мүчөлөрү,  областык мергенчилер коомунун жана коомдук инспекторлор болуп жалпысынан 32 киши катышты.  

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев Орхус Борбору жана Орхус конвенциясы  тууралуу маалымат берип, “КР УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ” 2021-жылдын 28-октябры № 128 (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)” бул боюнча презентация жасап талкуу жүргүздү.

КР ЖРЭТКМ Ош, Жалал-Абад РБ Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык артүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы, жетектөөчү адиси Ш. Шаимкулов, Х. Мурзаев “Мыйзамсыз аңчылык, бак-дарактарды кыйуу, дары чөптөрдү жыйноо боюнча айыптык санкциялардын өзгөртүлгөн тарифтери, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоодогу мыйзам бузуу фактыларын жана мисалдарды келтиришти. Катышуучулардын суроолоруна жооп беришти жана тажырыйба алмашышты.

Иш-чаралардын соӊунда катышуучуларга  90 даана КР Кызыл китебине киргизилген жаныбарлардын, канаттуулардын жана өсүмдүктөрдүн плакаттары таркатылды. Башкармалыкка айлана-чөйрө багытындагы мыйзамдардын 4 томдук жыйнагы жана  Кыргыстандагы экосистемалык кызматтарды баалоо боюнча китептер берилди.