Жаратылыш ресурстар министрлигинде «Коррупцияга жол жок» - аталышындагы анти коррупциялык иш-чара болуп өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлигинде «Коррупцияга жол жок» - аталышындагы анти коррупциялык иш-чара болуп өттү
Жаратылыш ресурстар министрлиги 2023-жылдын 5-октябрында 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы стратегиялык планын ишке ашыруунун алкагында, коррупцияга каршы билим берүү максатында түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында чынчылдык жана абийирдүүлүк маданиятын жогорулатуу боюнча коррупцияга каршы үгүт иштери” деген темада иш-чара өткөрдү.


Учурда Министрликте «Бирдиктүү терезе» борбору иштеп , ал мамлекеттик кызматтын 39 түрү боюнча арыздарды (электрондук жана кагаз түрүндө) кабыл алат жана алардын кыймылынын алгоритмин координациялайт жана документтерди аткаруучуларга – Министрликтин 11 түзүмдүк бөлүмдөрүнө жеткирүүнү уюштурат, мамлекеттик кызматкерлердин ичинен жеке сектордун өкүлдөрү менен аткаруучулардын ортосундагы физикалык байланышты жокко чыгарат.


Министрликте коррупциянын алдын алуу боюнча +996-559-60-53-05, ишеним телефону ,жана коомдук кабылдамада иштейт.


“Министрликте коррупцияга каршы иштердин жана кырдаалдардын тизмеси” түзүлдү.


Бул иш-чарага министр М.Ж.Тургунбаев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы Н.Муканова, министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жетекчилери , мыйзам илимдеринин доктору, профессор Ю.П.Гармаев, юридика илимдеринин доктору, профессор Адилов А.Н. жана башкалар катышты.