Кыргызстандын тоо-кен тармагында жаңы өсүш динамикасы

Чүй өрөөнү
Кыргызстандын тоо-кен тармагында жаңы өсүш динамикасы
Кыргызстандын тоо-кен тармагында жаңы өсүш динамикасы


2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын тоо-кен тармагы инвестициялар, чалгындоо жана кайра иштетүү жаатында бир катар маанилүү натыйжаларга жетишти. Өзгөчө акыркы 2024–2025-жылдары жаңы долбоорлордун ишке кириши жана запастардын мамлекеттик баланска киргизилиши тармакты стратегиялык деңгээлде чыңдоого өбөлгө түздү.


2024-жылы «Кумтөр» кенинде жүргүзүлгөн кеңири геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжасында алтындын запасы 147,4 тоннага көбөйүп, мамлекеттик баланска киргизилди. Бул натыйжа Кумтөрдүн өндүрүш мөөнөтүн он жылдарга узартууга шарт түзүп, экологиялык жана социалдык талаптарды эске алуу менен туруктуу иштөөнү камсыздайт.


Ошондой эле 2025-жылы Кумтөр кенинде калдык сактоочу жайда алтын менен күмүштүн запастары мамлекеттик баланска киргизилди — алтын 121 тонна, күмүш 225 тонна. Долбоор 17 жылга пландалган.


2025-жылдын биринчи жарымында долбоорлоо иштери аяктап, бир нече маанилүү объекттер ишин баштады:
• Солтон-Сары (Нарын) — Бучук участогунда алтын ылгоочу фабрика пилоттук режимде иштеп, алтын өндүрүлүүдө;
• Көмүр тармагына кызыгуу өсүүдө. 2025-жылдын башынан бери көмүр өндүрүшүнө 34 лицензиялык келишим берилди, 20дан ашуун жаңы участоктор ишке берилди. Алардын ичинен белгилей кетсек:
o Шахтал алтын кени (Нарын облусу);
o Кожо-Келен көмүр кени (Ош облусу);
o Беш-Бурхан көмүр кени (Ош облусу).


Бул иштер ички рынокту камсыздоого жана экспорттук потенциалды арттырууга багытталгандыгын көрсөтөт.