"Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркындагы жапайы жаратылыштын жаңы кадрлары

Чүй өрөөнү
"Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркындагы жапайы жаратылыштын жаңы кадрлары

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркында тартылган жапайы жаратылыштын уникалдуу жаңы кадрларын көрсөтөт. 2025-жылдын май айында орнотулган жана декабрда алынган камерага катталган сейрек кездешүүчү Ак илбирс менен сүлөөсүндү, ошондой эле тоо текелерди, түлкүлөрдү жана карышкырларды каттаган. Бул сүрөттөр жаныбарлардын табигый чөйрөсүндө адамдын кийлигишүүсүз байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет жана жапайы жаратылышты көзөмөлдөө жана сактоо үчүн баалуу курал болуп саналат. 

"Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндө, Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо кыркаларынын кошулган жеринде жайгашкан. Парк төрт участокту камтыйт: Адыр-Төр, Сары-Жаз, Эңилчек жана Кайыңды. 

Министрлик жапайы жаратылышты жана ак илбирс, сүлөөсүн сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо артыкчылыктуу маселе бойдон кала берээрин, ал эми камераларды  колдонуу фаунаны көзөмөлдөө жана сактоо үчүн натыйжалуу курал экендигин баса белгилейт.