Жаңы имарат – экологиялык туруктуулукка жана мамлекеттик кызматтын сапатына болгон ишенимдүү кадам

Чүй өрөөнү
Жаңы имарат – экологиялык туруктуулукка жана мамлекеттик кызматтын сапатына болгон ишенимдүү кадам

Жаңы имарат – экологиялык туруктуулукка жана мамлекеттик кызматтын сапатына болгон ишенимдүү кадам


2025-жылдын 17-октябрында Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Бишкек–Чүй регионалдык башкармалыгынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри  М. Машиев , министрдин биринчи орун басары Б. Джусупбеков жана экология тармагындагы адистер катышышты.


Үч кабаттуу жаңы административдик имарат – кызматкерлерге заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган. Курулуш иштери экологиялык коопсуздук талаптарына жооп берген заманбап ыкмалар менен жүргүзүлөт.


Жаратылыш ресурстары министри  М. Машиев өз сөзүндө бул имараттын курулушу – мамлекеттин жаратылышты коргоо багытындагы саясатынын туруктуу уландысы экенин белгилеп өттү. Анын айтымында, экология маселеси бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлдеги эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири болуп калыптанды жана Кыргызстан да бул багытта өз чечкиндүү аракеттерин көрүп жатат.


«Жаңы имарат – бул жөн гана курулуш эмес. Бул – жаратылышты коргоо жаатындагы мамлекеттик институттарды чыңдоо, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү жана адистер үчүн жакшы шарттарды түзүүчү ишенимдүү кадам. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров экологияны коргоо маселелерине өзгөчө маани берип келет. Ал өзү браконьерликке каршы рейддерге чыгып, дайыма таштанды тазалоо акцияларына катышып, мамлекеттин чечкиндүү жана принципиалдуу позициясын үлгү катары көрсөтүп келет. Бул коомго так белги: экология — бул приоритет.  Бул ар бир жарандын көңүл борборунда болушу керек деген белги.


Мындан тышкары, жаңы имаратта ресурстарды үнөмдүү пайдалануу, биотүрдүүлүктү сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынары белгиленди.


Иш-чарада сөз сүйлөгөн коноктор бул долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдиришип, курулуш иштеринин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүлөрүнө ишеним артты.


Жаңы имараттын пайдаланууга берилүүсү 11 айга  пландалган.