Экологиялык мониторинг департаментинин ишмердүүлүгү тууралуу

Чүй өрөөнү
Экологиялык мониторинг департаментинин ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти (ЭМД) өз ишмердүүлүгүн эл аралык стандарттарга шайкеш жүргүзүп келет.


2022-жылдын август айында Экологиялык мониторинг департаментине ISO/IEC 17025-2019 (ILAC-MRA) эл аралык стандартына ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Аккредитация борбору тарабынан аккредитацияланган лаборатория макамы ыйгарылып, тиешелүү Аккредитациялык аттестат берилген.


Департаменттин адистери Россия Федерациясынын Д.И. Менделеев атындагы Бүткүл оруссиялык  метрология илим изилдөө институтунун Урал илимий-изилдөө филиалы өткөргөн лабораториялар аралык кесиптик тестирлөөгө катышып, адистик компетенттүүлүгүн тастыктаган сертификаттарга ээ болушкан. Ошондой эле, “ДистриТех” компаниясы тарабынан уюштурулган “Илим жана өндүрүш үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар” темасындагы окуудан да өтүшкөн.


ЭМД өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана заманбап деңгээлге чыгаруу максатында Дүйнөлүк банктын долбоору (грант) аркылуу төмөнкү жаңы лабораториялык жабдууларды сатып алып, алар менен иштөө үчүн адистер атайын даярдыктан өтүшүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту:

-    Индуктивдүү туташкан плазмасы бар учуу убактысынын масс-спектрометри (GBC Scientific Equipment Pty Ltd, Австралия);

-    Иондук хроматограф IONUS (MembraPure GmbH, Германия) өндүрүмү:

-    SavantaAA Zeeman графит меши бар атомдук абсорбциялык спектрометри (GBC Scientific, Австралия) өндүрүмү:

-    Автоматтык титратор Titroline 7800 / Titroline 7000 (SI Analitics GmbH, Германия) өндүрүмү.


Мындан тышкары, 2024-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын «Климаттын өзгөрүшүнө туруштук бере турган суу кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында, ЭМДга:

-    1 даана майдалоочу тегирмен (ротордук мельница)

-    2 даана суу тазалоочу аппарат берилди.


Майдалоочу тегирмен менен иштөө боюнча ЭМДнын 16 адиси атайын окуудан өтүп, сертификаттарга ээ болушту.


Экологиялык мониторинг департаменти өлкө экологиясынын коопсуздугу жана туруктуу өнүгүшү үчүн сапаттуу, аккредитацияланган жана заманбап лабораториялык кызмат көрсөтүүнү уланта берет.