Нарын регионалдык башкармалыгынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү


Башкармалыктын мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмү  2023-жылдын 6 ай ичиндеги жыйынтык боюнча таштандыларды жайгаштыруу үчүн жер тилкесин аныктоо үчүн 2 долбоорго, 6 трансформация үчүн макулдук берилди жана жаратылышты пайдалануу айлана-чөйрөнү булгаган төлөмдөр; аба үчүн 269564,9 сом, саркынды суулар үчүн 38922,34 сом, таштандылар үчүн 2 134 544,76 сом жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн 91 601 сом бардыгы болуп 2534633 сом мамлекеттин бюджетине чогултулган.

Мындан тышкары башкармалыктын көзөмөл-текшерүү кызматынын инспекторлору жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егерлери менен рейддик иш чаралар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Анда мыйзамсыз курал алып жүрүү, балык уулоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча мыйзамсыз бир катар фактылар катталаган. Тактап айтканда 2023-жыл 6 ай ичинде КРнын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин беренелерине ылайык 9 протокол түзүлүп 72000 сом айып пул салынып 6 айып боюнча 60000 сом өндүрүлгөн. 9 укук бузуу үчүн  анын ичинен 3 учур жаныбарлар боюнча 156500 с, 1 учур балык уулоо боюнча 1010 с, 5 учур өсүмдүктөр боюнча 186994 с  жалпы 344503 сом доо коюлуп анын 127099 сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн. Ошондой эле мыйзам чегинде иш алып баруу үчүн  2 иш ИИБнө, 1 иш сот органына жана 2 иш прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген.

Башкармалыктын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмү Нарын башкамалыгынын карамагында 1059,6 мин гектар аӊчылык аянты бар ошону менен бирге жапайы жаныбарлардын эсебин алуу жүргүзүп,кайтаруу иштерин, шартка жараша биотехникалык иштерди жүргүзүп келүүдө. 2023-жылдын 6 ай аралыгында бардык тиешелүү мыйзамдар боюнча 218,0 мин сом коюлса өндүрүлгөнү жана башка каражаттар менен түшүрүлгөнү 113,0 мин сомду түздү.