Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү тартиби

Чүй өрөөнү
Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү тартиби

Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү тартиби

Бүгүн “Геология бүгүн” рубрикасында  2021–2024-жылдары жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө негизинен мамлекеттик чарба жүргүзүүчү субъекттердин ролун күчөтүүгө багытталган реформалар тууралу айтып бермекчибиз.

Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдаланууга укук берүү — бул кенге геологиялык изилдөө, чалгындоо жана казып алуу иштерин жүргүзүүгө расмий уруксат берүү процесси болуп эсептелет.

Бул укук «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык төмөнкү төрт негизги жол аркылуу берилет:

1.    Конкурс өткөрүү жолу менен;

2.    Аукцион өткөрүү жолу менен;

3.    «Биринчи берилген өтүнмө» эрежесин колдонуу менен;

4.    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими аркылуу.

1. Конкурстук негизде лицензия берүү

•    Конкурстар мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери боюнча Министрлер Кабинетинин чечими менен өткөрүлөт.

•    Конкурстук негизде берилүүчү тилкелер, адатта, ири жана стратегиялык мааниге ээ кендерге тиешелүү болот.

2. Аукцион аркылуу берүү

•    Аукциондор тиешелүү реестрге киргизилген жер казынасынын тилкелери боюнча өткөрүлөт.

•    Бул реестрди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети белгилеген критерийлерге ылайык түзөт жана бекитет.

•    Эгер аукцион эки жолу өткөрүлбөй калса, анда ошол участок боюнча кеминде бир жылга танапис (убактылуу токтотуу) жарыяланат.

3. “Биринчи берилген өтүнмө” эрежесин колдонуу менен берүү

•    Бул ыкма көбүнчө геологиялык изилдөө же чалгындоо стадиясындагы кендерге карата колдонулат.

•    Эгер бир эле участок боюнча бир нече өтүнмө берилсе, анда артыкчылык биринчи болуп документтерди тапшырган өтүнмө ээсине берилет.

•    Бул учурда талапкерлер тиешелүү документтерди жана финансылык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн тастыктаган маалыматтарды сунуштоого милдеттүү.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими аркылуу берүү

•    Айрым учурларда, мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен, жер казынасын пайдаланууга укук берүү маселеси түздөн-түз Министрлер Кабинетинин чечими аркылуу жөнгө салынат.

•    Мындай ыкма, адатта, өзгөчө маанидеги же стратегиялык долбоорлорго карата колдонулат.