Жапайы канаттуулар боюнча илимий мониторинг жана коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иштер тууралуу
04-февраль 2026, 10:30
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан жаныбарлар дүйнөсүн коргоо тармагында коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу жана жапайы канаттуулардын популяциясынын эпизоотикалык коопсуздугун камсыздоо багытында бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.
Егерлер, аңчылык адистери жана Чүй облусунун аңчылык коомдору менен өткөрүлгөн кызматтык жыйындарда аңчылык тармагындагы мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө маселеси өзгөчө белгиленди. Аныкталган мыйзам бузууларды толук жана так каттоо, алынган мүлктүн сакталышы жана кызматтык тартипти сактоо боюнча кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги түшүндүрүлдү.
Ошону менен бирге, Министрликтин тапшырмасын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кайрылуусунун негизинде башкармалыктын буйругу менен кеклик жана кыргоол боюнча чектелген көлөмдө илимий аткылоо жүргүзүүгө уруксат берилди. Бул иш-чаралар популяциянын абалын баалоо, паразитологиялык жана эпизоотикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле алдын алуу чараларын иштеп чыгуу максатында биологиялык материал алуу үчүн уюштурулууда.
Бардык иштер белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу кызматкерлердин көзөмөлүндө, тиешелүү документтештирүү жана илимий коштоодо жүргүзүлөт.
Чүй регионалдык башкармалыгы аймактагы жаныбарлар дүйнөсүн сактоо, мыйзамдуулукту жана иштин ачыктыгын камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.