🍃Жалбырактарды жана тиричилик калдыктарын өрттөөгө жол берилбейт
07-октябрь 2025, 15:05
Күз мезгилинде жарандар көбүнчө түшкөн жалбырактарды чогултуп, аларды өрттөшөт. Бирок мындай аракеттер айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына олуттуу зыян алып келерин көпчүлүк түшүнө беришпейт.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, катуу тиричилик жана өнөр жай калдыктарын өрттөөгө тыюу салынат жана мындай учурлар административдик жоопкерчиликке алып келет.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору төмөнкү мыйзам бузууларды аныкташты:
* Москва району, Петровка айылы, Борбордук көчөдө жалбырактар өрттөлгөн;
* Жайыл району, Новониколаевка айылы, Энгельс көчөсүндө өнөр жай калдыктары өрттөлгөн.
Бул мыйзам бузуулар боюнча күнөөлүү жарандарга ар бирине 7500 сомдон административдик айып салынды, жалпы сумма 15 000 сомду түздү.
Жарандарды жалбырактарды, тиричилик жана өнөр жай калдыктарын өрттөбөөгө чакырабыз!
Калдыктарды белгиленген полигондорго таштап же коммуналдык кызматтарга өткөрүп берүү керек.
Экологиялык нормаларды сактоо — ар бир жарандын таза абага жана калктын ден соолугуна кошкон салымы!