Корумду айылындагы жаңы кирпич заводу боюнча жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө

Ысык-Көл өрөөнү
Корумду айылындагы жаңы кирпич заводу боюнча жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө

Интернет булактарында Корумду айылындагы жаңы курулуп жаткан “Кумбел” кирпич заводу боюнча тараган видеоматериалдарга байланыштуу, Экологиялык жана техникалык көзөмөл  кызматтынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан аталган объектке кароо иштери жүргүзүлдү.

Завод тиешелүү экологиялык жана техникалык документтер менен камсыз болгон. Ошондой эле, өзүнүн ишмердүүлүгүн экологиялык талаптарга шайкеш жүргүзүү максатында, Өзбекстан Республикасынан түтүн филтири (ПГУ) алынып келип, орнотулганы  жатары жана текшерүүнүн жыйынтыгында, учурда завод өз ишин жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Заводтун алдын ала иштеп башташынын себеби — 128 өндүрүш иш кананын проектисинине кирген өндүрүш. Ачылыш 29-август күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин онлайн катышуусу менен ачылат.