Чүй облусунда мыйзамсыз балык уулоонун фактылары аныкталды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда мыйзамсыз балык уулоонун фактылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чүй регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери, «Чүй-Бишкек» аңчылык чарбасынын егери менен биргеликте, Чүй облусунун Аламүдүн районунда рейд өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты — балык уруктануу мезгилинде мыйзамсыз балык уулоону жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы башка мыйзам бузууларды аныктап, аларды алдын алуу болгон.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоонун алты фактысы аныкталды. Ар бир мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин №266-беренесине ылайык, Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан административдик протоколдор түзүлүп, жалпы 12 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо жаатындагы мыйзам бузуу фактыларын алдын алуу максатында туруктуу түрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.