Экология жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды

Чүй өрөөнү
Экология жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 18-апрелинен 22-апрелине чейин Базар-Коргон районуна караштуу аймактарда көзөмөл иштери жүргүзүлдү.

Аталган күндөр аралыгында “Кыргызкыш” ЖЧКсына карата пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, Падачы участкасында мыйзамсыз карерь казгандыгы аныкталды. Бул мыйзам бузууга байланыштуу мекемеге 180 000 сом өлчөмүндө доо коюлуп, 2 пункттан турган жазма эскертүү берилген. Бирок көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү толук кандуу аткарбагандыктан, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 243-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, мекемеге 35 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Мындан тышкары, башкармалыктын буйругунун негизинде Базар-Коргон шаардык мэриясына да 18-апрелден 22-апрелге чейин  пландуу көзөмөл текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Мэрияга 8 пункттан турган жазма эскертүү берилген. Эскертүүдөгү 2 пункт аткарылбагандыктан, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 30 000 сом айып пул салынды.


Экология жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамдардын так сакталышын камсыз кылуу максатында текшерүүлөрдү мындан ары да жүргүзүүнү улантат.