2025-жылдын жыйынтыгы боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук багытындагы көзөмөл иш-чаралары тууралуу

Чүй өрөөнү
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук багытындагы көзөмөл иш-чаралары тууралуу
2025-жылдын жыйынтыгы менен экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө ишкердик субъекттерине карата 3 619 текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 3 619 акт түзүлүп, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын 10 666 бузуу фактысы аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 1 981 көрсөтмө берилип, алардын негизинде 7 777 мыйзам бузуу жоюлду. Жалпысынан 4 879 бузуу фактысы катталып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 130 млн 961 миң сомду түздү.


Айып пулдар жана өндүрүмдүүлүк


4 547 материал боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 73 млн 710 миң сом өлчөмүндө айып салынды. 2025-жылдын 31-декабрына карата 66 145 000 сом өндүрүлүп, өндүрүмдүүлүк 89,7% түздү.
Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 474 эпизод боюнча 57 251 000 сом суммасында доо коюлуп, 495 эпизод боюнча (мурунку жылдардан калган өтмө доолорду кошо алганда) 35 341 300 сом өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 61,6% өндүрүмдүүлүктү түздү.


Бузуулардын тармактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
• Атмосфералык аба – 1 030 факты, 22 млн 60 миң сом
• Суу ресурстары – 244 факты, 5 млн 521 миң сом
• Калдыктар – 809 факты, 11 млн 720 миң сом
• Жер ресурстары – 451 факты, 48 млн 926 миң сом
• Өсүмдүктөр дүйнөсү – 248 факты, 6 млн 61 миң сом
• Жаныбарлар дүйнөсү – 1 031 факты, 11 млн 627 миң сом
• Өнөр жай коопсуздугу – 548 факты, 10 млн 706 миң сом
• Тоо-кен көзөмөлү – 349 факты, 8 млн 983 миң сом
• Жер казынасын коргоо – 169 факты, 5 млн 354 миң сом


Атмосфералык абаны коргоо боюнча иштер


Атмосфералык абанын булганышы өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бул багытта жыл бою күчөтүлгөн контролдук иш-чаралар жүргүзүлдү. Натыйжада 260 мыйзам бузуу аныкталып, жалпы суммасы 6 478 000 сом айып пул салынды.


Ошондой эле, белгиленген нормадан ашыкча булгоочу зат бөлүп чыгарган автоунааларды аныктоо максатында 472 автоунаа текшерилип, 231 укук бузуучу аныкталды. Аларга карата 3 854 500 сом айып салынды.


Радиациялык жана экологиялык коопсуздук


2025-жылы Экологиялык контролдоо бөлүмүнүн инспекторлору ведомстволор аралык комиссиянын курамында 51 жолу Чүй облусундагы «Каинды» темир жол көзөмөл-өткөрүү пунктунда минералдык жер семирткичтердин радиациялык фонун текшерүүгө катышышты. Жалпысынан 159 вагон текшерүүдөн өткөрүлдү.


Профилактикалык жана маалыматтык иштер


Экологиялык маданиятты жогорулатуу максатында республика боюнча 515 экологиялык билим берүү иш-чарасы уюштурулду. Чарбакер субъекттерге мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн 1 100 кабарлоо берилди. Массалык маалымат каражаттарында 117 маалыматтык материал жарыяланды.


Жүргүзүлгөн иш-чаралар экологиялык мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана жарандардын коопсуздугун бекемдөөгө багытталды. 2026-жылы да бул багыттагы иштер системалуу түрдө улантылат.