2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жаратылышты коргоо багытындагы иштер
02-март 2026, 11:47
Чүй өрөөнү
2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 567 укук бузуу аныкталып, 3 907 500 сом айып салынды. Анын ичинен 3 594 500 сом өндүрүлдү.
Ысык-Көл жана Соң-Көл
Ысык-Көл акваториясында 99 рейд жүргүзүлүп, 63 айып салынды (335 500 сом). 3 038 162 сом доо коюлуп, 2 371 893 сом өндүрүлдү. 30 600 метр синтетикалык тор жок кылынды.
Соң-Көл акваториясында 100 рейд өтүп, 98 мыйзам бузуу катталды. 308 000 сом айып салынып, 3 800 метр тор алынган.
Жалпысынан мыйзамсыз орнотулган 56 900 метр синтетикалык балык торлору алынган.
Мыйзамсыз аңчылык жана ташып өтүү фактылары
Манас эл аралык аэропорту аймагынан мыйзамсыз атылган канаттууларды алып өтүү фактысы аныкталып, 265 500 сом доо толугу менен өндүрүлдү.
Ошондой эле Достук өткөрмө посту аркылуу 200 даана деңиз таш бакасы кармалып, Ош шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилди.
Экологиялык чаралар
Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгына ылайык, 1267 рекреация объектиси инвентаризацияланды. Облус боюнча 226 саркынды сууларды тазалоочу курулма иштеп жатат, 868 конок үйдө тазалоочу курулма жок экени аныкталды.
Кызмат жаратылыш ресурстарын коргоо жана мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча иштерин улантат.