«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу чаралары талкууланды
13-июнь 2025, 17:21
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Асанович Машиев менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы мырза Хью Ридделлдин расмий жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы – «Кыргыз Республикасынын абасынын сапатын жакшыртуу» долбоорунун ишке ашырылышын илгерилетүү болду.
Жолугушуу учурунда тараптар атмосферага булгануучу заттардын деңгээлин төмөндөтүүгө, аба сапатын көзөмөлдөө системасын модернизациялоого жана эффективдүү экологиялык чечимдерди киргизүүгө багытталган долбоордун негизги багыттарын талкуулашты. Айрыкча көңүл каржылоо маселелерине, техникалык колдоого жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууга багытталган заманбап технологияларды колдонууга бурулду.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында азыркы учурда ишке ашырылып жаткан иш-чаралар жана жетишилген натыйжалар каралды.
Министр М. Машиев бул долбоор өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгилеп, экология тармагында эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуунун зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле Дүйнөлүк банкка көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экологиялык максаттарга жетүүгө болгон туруктуу умтулуусун баса белгиледи.
Өз кезегинде мырза Хью Ридделл Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы экологиялык демилгелерди натыйжалуу ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле долбоорду илгерилетүүдө кызыкдар мамлекеттик жана эл аралык түзүмдөрдүн активдүү катышуусуна жетишүүгө макулдашышты.