Заманбап жана натыйжалуу калдыктарды башкаруу системасын түзүү талкууланды
10-июнь 2026, 11:30
Бишкек шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы тарабынан «Калдыктарды башкаруу жаатында бирдиктүү саясатты калыптандыруу, калдыктардын пайда болуу жана көмүүгө жөнөтүлүү көлөмүн азайтуу, ошондой эле калдыктарды кайра чарбалык жүгүртүүгө тартуу» боюнча иш чара өткөрүлдү.
Анда «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасынын түзүлүшү, жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы пландары тууралуу видеопрезентациялар көрсөтүлдү. Ошондой эле облустардан келген Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү өз аймактарындагы калдыктарды башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу маалыматтарды бөлүшүштү.
Ошондой эле, иш чара суроо-жооп форматында уланып, анда калдыктарды өзүнчө чогултуу системасын киргизүү, контейнердик аянтчаларды жана экологиялык терминалдарды түзүү, кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле келечектеги пландар жана тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынтыгында калдыктарды башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгып, тиешелүү резолюция кабыл алынды. Катышуучулар өлкөдө заманбап жана натыйжалуу калдыктарды башкаруу системасын түзүү багытында мындан аркы кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.