🎓 Пансионат кызматкерлери үчүн тазалоо курулмалары боюнча окутуу
27-июнь 2025, 09:35

Чолпон-Ата шаарындагы Орхус борбору пансионаттарда тазалоо курулмаларын тейлеген кызматкерлер үчүн окутуу семинарын өткөрдү. Катышуучулар туристтик сезондо өзгөчө маанилүү болгон саркынды сууларды тазалоо системаларын эффективдүү пайдалануу жана тейлөө боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүштү.
🌍 Семинарга Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жана Тоң, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун, Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынын пансионат операторлору катышты.
📌 Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Аманкулов М.А. туристтик объектилерде экологиялык маселелерди туруктуу башкарууда кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
💧 Ысык-Көл жээгиндеги экологиялык абалды жакшыртууга кошкон салымы жана активдүү катышуусу үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!
#экология #пансионаттар #тазалоокурулмалары #ОрхусБорбору #МПРЭТН #ИКРУ #ЫсыкКөл #Кыргызстан