Атайын уруксат берүүчү комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо жарыяланат
11-июнь 2026, 14:05
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын «Аңчылык жана аңчылык чарбасы жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 «Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Атайын уруксат берүүчү комиссиянын курамына Аңчылыкты пайдалануучулар ассоциациясынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) өкүлдөрүнүн арасынан талапкерлерди тандоо жөнүндө жарыялайт.
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана каттоо 2025-жылдын 12-июнунан 2025-жылдын 21-июнуна чейинки аралыкта жүргүзүлөт.
Катышуу жана документтерди тапшыруу маселелери боюнча Төрөгелдиев Элчибек Досумбековичке кайрылууну суранабыз.
Дареги: Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 2, 146-кабинет.
Байланыш телефону: +996 509 125 152.