Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен аймактык башкаруусунун Жарандык коргонуу абалы бааланды

Баткен өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык  көзөмөл министрлигинин  Баткен аймактык башкаруусунун Жарандык коргонуу абалы бааланды

Жаратылыш ресурстары , экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлиги Кыргыз Республикасынын  Жарандык коргонуунун  мамлекеттик мекемелик жана аймактык тутумдарынын , даярдык абалын текшерүү жана баалоо боюнча   каралган талаптарга ылайык, 2024-жылдын 16-20-апрель күндөрү Министрликтин Баткен аймактык  Жарандык коргонуу абалы бааланды. 

Баалоо учурунда Кыргыз Республикасынын Өзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин 2022-жылдын 30-декабрындагы №1555 “Жарандык коргонуу боюнча иш кагаздардын тизмелерин бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык  көзөмөл министрлигинин  Баткен аймактык башкаруусунун жарандык коргонуу абалына баа берүүнү жүргүзүнүн Планы” боюнча текшерилди.

Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгында  Министрликтин Баткен аймактык башкаруусунун Жарандык коргонуу  абалы канааттандыраарлык болуп чыкты. 

 Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана көзөмөл министрлиги Жарандык коргонуу боюнча радиациялык жана химиялык коргонуу кызматы боюнча иш алып барат . Бул тармакта Министрлик жобого ылайык жөнгө салат, көзөмөлдөйт жана контролдойт.