Бактуу-Долоноту айылындагы “Береке” кооперативинин тазалоочу жайы иштебей турат
19-июнь 2025, 13:59
Ысык-Көл өрөөнү

2025-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган пресс-турдун алкагында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Береке” атындагы кооперативке барышты. Бул – маалымат турдун алкагындагы экинчи көзөмөл пункту болуп эсептелет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө пансионатта орнотулган тазалоо курулмасы учурда иштебей турганы аныкталды.
Жакын арада ремонттук иштер журуп тактап айтканда жума аралыгында ондоп тузоо иштери журуп баштайт . Эгерде тазалоо курулмалары иштебей турган убакта меймандарды кабыл алышса, талаптарга жооп бербесе мыйзам чегинде чаралар корулот.
Белгиленгендей, курулма убактылуу токтотулган, бул экологиялык талаптарга каршы келет жана курорттук сезон учурунда өзгөчө кооптуу болуп саналат.
Суу ресурстарын жана жээк зонасынын экологиялык абалын сактоо максатында министрлик мындай фактыларга өзгөчө көңүл бурат. Тийиштүү чаралар көрүлүп, пансионат жетекчилигине мыйзам чегинде талаптар коюлат.
Министрлик бардык туристтик объекттерди экологиялык коопсуздук чараларын сактоого чакырат жана Ысык-Көлдүн таза экосистемасын коргоо — жалпыбыздын милдетибиз экенин эскертет.