Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынын расмий билдирүүсү
23-сентябрь 2025, 16:58
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин коомдук башталыштагы геология боюнча кеңешчиси Аркадий Рогальскийдин тегерек үстөлдө айткан бир катар билдирүүлөрүнө байланыштуу, Кыргыз геологиялык кызматы төмөнкү түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл деп эсептейт.
1. Чет өлкөлүк компанияларды тартуу жана жергиликтүү адистердин ролу тууралуу
Кыргызстандык геологдор талап кылынбай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргыз геологиялык кызматы тармактын кадрдык потенциалын чыңдоого системалуу түрдө иш алып барууда. Адистерибиз Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу окутууга катышууда. Ошондой эле, Всероссиялык Карпинский атындагы геологиялык изилдөө институту (ВСЕГЕИ) жана өнөктөш мамлекеттердин илимий борборлору менен биргеликте квалификацияны жогорулатуу программалары ишке ашырылууда.
2. Кадрдык потенциал жөнүндө
Кадрларды жаңылоо маселесинин бар экендигин биз тааныйбыз. Ушуга байланыштуу 2024-жылы «Кыргызгеологиянын» өндүрүштүк базасын жана кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бул каражаттар жабдууларды жаңылоого, жаш адистерди колдоого жана илимий-изилдөө базасын өнүктүрүүгө жумшалууда. Бүгүнкү күндө негизги геологиялык-издөө иштеринин баары тажрыйбалуу жана жаш кыргыз геологдорунун катышуусу менен жүргүзүлүүдө.
3. Тармактын стратегиялык өнүгүүсү тууралуу
Горно-геологиялык тармакта стратегиялык документтерди даярдоо өкмөттүн тапшырмаларына ылайык жүргүзүлүүдө. Кыргыз геологиялык кызматы 2035-жылга чейинки минералдык-сырьё базасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга катышууда. Бул документ өлкөнүн узак мөөнөттүү жер казына саясатынын негизин түзүп, геологиялык кызыкчылыктарды да, экономика менен экологиянын талаптарын да эске алат.
4. Мамлекеттик органдардын функцияларынын бөлүштүрүлүшү тууралуу
Кыргыз геологиялык кызматы, «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы жана башка профильдик уюмдар так белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барышат. Геологиялык кызмат жөнгө салуу жана көзөмөлдөө милдеттерин аткарса, «Кыргызгеология» геологиялык-изилдөө иштеринин оператору болуп саналат, анын ичинде мамлекеттик долбоорлор боюнча. Уюмдардын ортосунда туруктуу өз ара кызматташуу орнотулган. Мисал катары Жетим жана Кутессай кендериндеги ийгиликтүү геологиялык-изилдөө иштерин көрсөтсө болот.
5. Улуттук кызыкчылыктарга берилгендик тууралуу
Мамлекет стратегиялык ресурстарды көзөмөлдөөнү күчөтүп жатат. Түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык, долбоорлордо мамлекеттин үлүшү баштапкы этапта 30%дан кем эмес болуп, белгиленген мөөнөт ичинде 80%га чейин жогорулатылышы мүмкүн. Бардык долбоорлор мамлекеттик экспертизадан жана экологиялык баалоодон өтүп, туруктуу көзөмөлдө турат. Кумтөр кенин мамлекеттин толук көзөмөлүнө кайтаруу тажрыйбасы туура саясат жүргүзүлгөндө жер казына өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылаарын айкын көрсөттү.
Кыргыз геологиялык кызматы кесиптик диалогго ачык жана тармактын өнүгүүсү фактылардын, өз ара сый-урматтын жана улуттук суверенитетти бекемдөөгө умтулуусунун негизинде жүргүзүлүшү зарыл деп эсептейт.