Геологияны оптималдаштыруу, таштандыларды кайра иштетүү жана “Жашыл Мурас”, Б.Төрөбаевдин катышуусунда өткөн жыйындын негизги пункттары

Чүй өрөөнү
Геологияны оптималдаштыруу, таштандыларды кайра иштетүү жана “Жашыл Мурас”, Б.Төрөбаевдин катышуусунда өткөн жыйындын негизги пункттары

8-апрель, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Төрөбаев КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде болду.

Сапардын максаты-ведомствону өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча кеңешмени өткөрүү, ошондой эле министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. 

Кеңешмеге министр М.Машиев, орун басарлары, кызматтардын жана департаменттердин, ведомстволук мекемелердин жетекчилери, ошондой эле Министрликтин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. 

Отурумдун башында министр М.Машиев министрликтин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңейтилген отчет берип, иштин негизги багыттарын жана актуалдуу көйгөйлөрдү белгиледи. 

Өз сөзүндө Б.Төрөбаев 

геология тармагынын ишин оптималдаштыруу, 

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясын активдүү илгерилетүү,

 калдыктарды кайра иштетүү системаларын өнүктүрүү, 

аймактарда полигондорду калыбына келтирүү,

кайра иштетүүчү ишканаларды жандандыруу зарылдыгын баса белгиледи. 

экологиялык жана техникалык көзөмөлдү күчөтүү, 

экологиялык нормалардын сакталышына контролду камсыздоо

 жана пландардын өз убагында аткарылышына өзгөчө көңүл бурду. 

Ошондой эле Министрликтин ишин активдештирүү жана ишке ашырылып жаткан демилгелердин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгына токтолуп, тиешелүү тапшырмалар берилди.