Ош-Жалал-Абад башкармалыгынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен ири экологиялык таймаш өткөрүлдү

Ош өрөөнү

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгын жана Инсандын руханий - адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын ишке ашыруу максатында Ноокат районунда “ЭКОЛОГИЯ, ӨМҮР ЖАНА БИЛИМ” аттуу маданий интеллектуалдык таймаш өттү.
Иш-чара Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Б. Каримов атындагы орто мектебинде орун алып, Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош-Жалал-Абад башкармалыгынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.
Айлана-чөйрөнү сактоого чакырган таймаш кызыктуу өтүп, 1-2-чи орунду жеңген окуучуларга телевизор, 3-орунду багындырган окуучуларга караоке музыкалык аппараты белекке берилди. Ошондой эле атайын номинация ээлерине Ардак грамота, Диплом жана башка кызыктыруучу белектер тапшырылды.