Күзгү канаттуулардын топтолушу

Чүй өрөөнү
Күзгү канаттуулардын топтолушу

Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунда, Сон-Көл көлүндө, күзгү миграциянын алдында канаттуулардын  топтолушу байкалууда.

Бул жерде ак куунастар, мойноктор (зуёк), чардактар (чайка), суу чуудуктар (кулик), өрдөктөр, арам өрдөктөр (поганка) жана башка суу жана жээк бойлой жашаган канаттуулар чогулушат.

Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу — Кыргызстандын Нарын облусунда жайгашкан өзгөчө корголуучу аймак. Ал 1994-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда анын жалпы аянты 21 016 га түзөт. Корук үч тилкеден турат: Каратал-Ачаташ, Сон-Көл жана Чатыр-Көл.