Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары пластике каршы иштерди күчөтүүдө

Чүй өрөөнү
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары пластике каршы иштерди күчөтүүдө

2023-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын №177 Мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, полимердик пленкадан жана пластмассадан жасалган пакеттерди жүгүртүүгө чектөөлөр киргизилген. Мыйзамдын негизги максаты – айлана-чөйрөнү булгоочу калдыктарды азайтуу жана жаратылышты коргоо.


Экологиялык абалды жакшыртуу максатында Саймалуу-Таш Мамлекеттик Жаратылыш паркында 2025-жылдын башынан тарта бир катар иш-чаралар ишке ашырылды. Атап айтканда, парк аймагына 4 даана пластик таштандыларды чогултуучу атайын урналар орнотулду. Бул демилге таштандыларды туура жыйноого шарт түзүп, аймакты таза сактоого жардам берүүдө.


Ошондой эле, Нарын Мамлекеттик Жаратылыш коругунун экобазасында эс алуучуларга жана чет өлкөлүк эковолонтерлорго полимердик пакеттерди жана пластик буюмдарды колдонууга болбой турганы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мындай маалыматтар жаратылышка зыян келтирбөөгө жана экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталган.


Корук жана парк администрациялары жаратылышты бирге коргоого жана экологиялык эрежелерди сактоого чакырат.