Токойлорду калыбына келтирүүдө жабык тамыр системасы менен өстүрүлгөн көчөттөргө өзгөчө көңүл бурулат
28-октябрь 2026, 09:13
Токойлорду калыбына келтирүү жана токой аянттарын көбөйтүү иштеринде көчөттөрдүн сапатын жогорулатуу жана аларды өстүрүүнүн натыйжалуу ыкмаларын колдонуу маанилүү. Бул багытта жабык тамыр системасы менен өстүрүлгөн көчөттөргө өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо токой чарбасынын жамааты менен жолугушууда билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр токойлорду коргоо жана сактоо, токой фондунун аянттарын кеңейтүү, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү үчүн сапаттуу көчөт материалдарын даярдоо маселелерине токтолду. Андан соң көчөткананын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, жабык тамыр системасы менен өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн абалын көрүп, алардын сапатына оң баасын берди.
Жабык тамыр системасы менен көчөт өстүрүү — көчөттөрдүн жерге отургузулгандан кийинки жерге көнүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, алардын өсүп-өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзүүгө жана токойлорду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун арттырууга багытталган ыкмалардын бири.
Тогуз-Торо токой чарбасы 1997-жылы уюшулган. Чарбанын жалпы аянты 54 874,5 гектарды түзүп, үч токой бөлүмүн камтыйт:
• Беш-Көл токой бөлүмү — 19 476,6 гектар;
• Макмал токой бөлүмү — 20 351 гектар;
• Көк-Ирим токой бөлүмү — 15 046,9 гектар.
Токой чарбасынын жалпы токойлуу жерлеринин аянты 9 542,5 гектарды түзөт.