"Борсан Констракшн" ЖЧКсына пландуу текшерүүнүн жыйынтыгында айып пул салынды

Чүй өрөөнү
"Борсан Констракшн" ЖЧКсына пландуу текшерүүнүн жыйынтыгында айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 27-майында “Борсан Констракшн” жоопкерчилиги чектелген коомуна карата пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 237-274-беренелерине ылайык ишканага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамдын талаптарын сактоо менен, жарандардын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишмердүүлүгүн мындан ары да улантат.