Ош облусунун Алай районундагы экологиялык экспертизасы жок жол салган «Спецтехника и Аренда» ЖЧКсына айып пул салынды
08-октябрь 2024, 18:48
Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын инспекторлору «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын инвесторлору тарабынан Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасынан Кичи-Кичи айыл аймагына чейинки 6100 метр жолдун курулушу менен таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө милдеттүү экологиялык экспертиза жүргүзүлбөстөн иш жүргүзүлгөндүгү аныкталган.
Жол жарым-жартылай жайыттарды жана мөңгүлөрдү аралап өтүп, буга чейин жайыт үчүн пайдаланылгандыктан, жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратууда.
Келтирилген зыяндын кесепетинен 939 миң 200 сом доо коюлган. Мындан тышкары 2100 метр жайыт тилкесин бузгандыгы үчүн 3 млн 645 миң сом доо коюлган.
Ошондой эле Алай токой чарбасынын аймагында узундугу 1500 метр болгон жолдун кошумча участогун куруу катталган. Белгиленген мыйзам бузууларга байланыштуу министрликтин облустагы башкармалыгы пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн «Спец техника» ЖЧКсына жогорудагы суммаларга доо койгон.