"Турар" ЖЧКсына экологиялык мыйзам бузуулары үчүн айып пул салынды

Чүй өрөөнү
"Турар" ЖЧКсына экологиялык мыйзам бузуулары үчүн айып пул салынды

2025-жылдын 7-апрелинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан "Турар" ЖЧКсына карата контролдук текшерүү жүргүзүлдү. 


Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 434 жана 245-2 беренелерине ылайык 2 Протокол түзүлүп, 33 миң сом суммасында айып пул салынды.


Министрлик экологикалык стандарттарды жана жаратылышты коргоо боюнча иштерди күчөтүүнү улантат. Мындай текшерүүлөрдүн максаты – Кыргызстанда экологиялык мыйзамдардын так сакталуусун камсыздоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонууга багытталган иштерди жүргүзүү.


Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган чаралар экологиялык жана техникалык нормаларды бузган субъекттердин жоопкерчилигин арттырууга жана өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга багытталат.