Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында пландуу текшерүү жүргүзүлдү
18-август 2026, 12:13
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ленин чокусу аймагында туристтерди кабыл алган айрым конок үйлөрүндө таштанды калдыктарын өрттөө жана саркынды сууларды айлана-чөйрөгө зыян келтире тургандай тартипте төгүү фактылары аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, жалпы 51 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле жооптуу тараптарга экологиялык талаптарды так сактоо, таштанды калдыктарын белгиленген талаптарга ылайык башкаруу жана саркынды сууларды айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген тартипте чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.