Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан байкоо жүргүзүлүүдө
27-август 2026, 14:41
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан байкоо жүргүзүлүүдө.
Бул демилгенин негизги максаты — экологиялык мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, анын ичинде:
• таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоого жол бербөө;
• өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө;
• ар кандай мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу.
Мыйзам бузуулар аныкталган учурда, мыйзам бузуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү административдик чаралар көрүлөт.
Ош регионалдык башкармалыгы парктын бардык конокторун жана эс алуучуларын айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, жаратылышты таза сактоого жана анын уникалдуу кооздугун биргелешип коргоого чакырат.
Эске салсак, жакныда “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана өткөрмө-көзөмөл пунктун куруу долбоору ишке ашырыла баштаган. Аталган долбоор парктын аймагына кирип-чыгууну тартипке келтирүүгө, көзөмөлдү күчөтүүгө жана парктын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.