Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан интернет тармагында тараган видеого байланыштуу ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.
28-январь 2026, 12:23

Интернет булактарында «ковролинге боёк төгүп, агып жаткан сууга жууп жаткан» мазмундагы видео материал коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жараткан. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган видео Б.у.Б. аттуу жаран тарабынан ковролин продукциясын жарнамалоо максатында Алай районунун Сары-Ой жайлоосундагы агын сууда тартылганы аныкталды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-беренесине ылайык жаранга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды жана тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Видеодо чагылдырылган иш-аракеттер экологиялык талаптарга туура келбестиги боюнча жаранга түшүндүрмө берилип, натыйжада ал коомчулуктан кечирим сурап жана түшүндүрмө берип, Instagram социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу билдирүү таратты.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жаратылыш ресурстарын пайдаланууда экологиялык талаптарды сактоого чакырат.