Жаңы саркынды сууну тазалоочу курулманын ачылышы Тоң райондук ооруканасында болуп өттү

Чүй өрөөнү
Жаңы саркынды сууну тазалоочу курулманын  ачылышы  Тоң райондук ооруканасында  болуп өттү

2025-жылдын 30-сентябрында Тоң райондук ооруканасында заманбап саркынды сууну тазалоочу жаңы курулманын ачылыш аземи болуп өттү. Бул инфраструктуралык долбоор эски, 1972-жылы курулган тазалоо системасын алмаштырат.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Мусаев, Тоң районунун акими Б. Осмонов, Түштүк Кореянын Eco Star компаниясынын негиздөөчүсү Ган Мун Шик, ошондой эле инженер-эколог Гвон Ын Ми катышты.

Өз сөзүндө А. Мусаев министрлик мындай экологиялык мааниси чоң болгон долбоорлорду ар дайым колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Долбоор Eco Star компаниясы менен жергиликтүү «Тунук» ишканасынын кызматташтыгы аркылуу ишке ашырылып, Түштүк Корея өкмөтү тарабынан 12 миллион сомдук грант менен каржыланды. Курулма ооруканага акысыз негизде орнотулду.

Долбоор тууралуу:

Курулманын кубаттуулугу суткасына 15 куб метрди түзөт;

Тазаланган суу оорукана аймагындагы 2 гектар жерди сугарууга пайдаланылат (бул иштер 2026-жылдын жазында башталат);

Тазалоо процесси көп баскычтуу чыпкалоо жана биологиялык ыкмалар (микроорганизмдер менен) аркылуу жүргүзүлөт.

Долбоордун мааниси:

Эскирип бүткөн 1972-жылдагы курулма алмаштырылды;

Региондогу экологиялык булганууну азайтат;

Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоого салым кошот;

Суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылат.

Бул жаңы курулма — экологиялык жактан таза, заманбап технологияга негизделген жана регион үчүн чоң мааниге ээ.