Нарын облусунда чет өлкөлүктүн Марко Поло аркарын уулоосу колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жүргүзүлгөн.

Нарын өрөөнү
Нарын облусунда чет өлкөлүктүн Марко Поло аркарын уулоосу колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жүргүзүлгөн.

Социалдык тармактарда чет элдик жарандын аркар-кулжаларга аңчылык кылып жаткан видео тасмасы боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тактоо иштерин жүргүзүп, чет элдик жаран аңычылыкты мыйзам чегинде жүргүзгөндүгүн аныктады. 

Окуя Нарын облусуна караштуу Аксай өрөөнүндө орун алган. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Аңчылык эрежелерине ылайык, өлкө аймагында аңчылык жүргүзүү мезгили 2026-жылдын август айынын үчүнчү ишембисинен тартып декабрь айынын экинчи жекшембисине чейин белгиленген.

Аркар-кулжа Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендиктен, аны олжолоого карата өзгөчө талаптар жана эрежелер белгиленген. 

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашылган тартипте жана белгиленген квоталардын чегинде 7 жаштан жогорку Кулжаларга гана олжолоого уруксат берилет.

Социалдык тармактарда тараган видеодогу кулжа белгиленген жаш курактык талаптарга ылайык, 7 жаштан жогорку эркек особ катары жана аңчылык жүргүзүү эрежелерин сактоо менен олжолонгон.


Жыл сайын Марко Поло кулжаны олжолоонун жалпы лимити 150 башка чейин өлчөмүндө белгиленет.

 Ал эми быйылкы аңчылык мезгилинде белгиленген лимиттин чегинде 133 баш Марко Поло  кулжаны олжолоого уруксат каралган.