Жаратылышты коргоо — ар бирибиздин жалпы милдетибиз!
17-сентябрь 2026, 11:16
Чүй өрөөнү
Жаратылышты коргоо — ар бирибиздин жалпы милдетибиз!
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын 19-сентябрда өтө турган жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышууга чакырат!
Таза жана көрктүү айлана-чөйрө — коомдун маданиятынын жана жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамиленин көрсөткүчү. Айлана-чөйрөнү таза кармоо ар бир жарандын, ишкердик субъекттин жана өндүрүш ишканасынын жалпы милдети.
Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды, ишкерлерди, өндүрүшчүлөрдү, мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, коомдук уюмдарды, жаштарды жана бардык кайдыгер эмес жарандарды 2026-жылдын 19-сентябрында өтө турган жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышууга чакырат.
Ишембиликке катышуу менен ар бирибиз өзүбүз жашаган аймактын тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө салым кошуп, жаратылышка аяр мамиле кылуунун үлгүсүн көрсөтө алабыз.
Тазалык — бир күндүк иш эмес. Ал күнүмдүк маданият жана жалпы жоопкерчилик.
19-сентябрь — жалпы республикалык ишембилик.
Келгиле, бирге тазалайлы, бирге көрктөндүрөлү, бирге жаратылышты коргойлу!
Жаратылышты коргоо ар бирибизден башталат!