Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатына экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн айып салынды

Ысык-Көл өрөөнү
Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатына экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн айып салынды

2025-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги массалык маалымат каражаттары үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарга жана жээк аймактарына пресс-тур өткөрүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө туризм аймактарында экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионаты катуу тиричилик калдыктарын атайын эмес жерге таштаганы үчүн аныкталды.


Аталган факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык, пансионатка 23 000 сом өлчөмүндө айып салынды.


Министрлик бардык туристтик объектилерди жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого чакырат жана өзгөчө туристтик сезон учурунда Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.