Жайыттар — райдерлердин трассасы эмес
18-май 2026, 08:49
Жайыттар — райдерлердин трассасы эмес
Өлкө аймагында акыркы убактарда эндуро жана мото техника менен жайыттарга, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына уруксатсыз кирип, мото каражаттарын айдоо фактылары катталууда.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эндуро жана мото техника — бул спорт жана хобби, бирок ал жаратылыштын эсебинен болбошу керектигин белгилейт.
Жайыттарда, көл жээктеринде жана жаратылыш аймактарында мотоцикл айдоо төмөнкүдөй терс кесепеттерге алып келет жайыттын кыртышын бузат, чөптөрдүн кайра өсүшүн начарлатат, мал жайлоосуна тоскоолдук жаратат, жапайы жаратылыштын жашоо чөйрөсүн бузат, топурактын эрозиясын күчөтөт жана эс алуучу жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Бул — жөн гана «ызы-чуу» эмес, бул — экосистемага түз келтирилген зыян.
Белгилеп кетүүчү жагдай, бул багытта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде жайыттарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында профилактикалык жана тартипти күчөтүү иштери жүрүп жатат. Эрежелерди бузган жарандарга карата мыйзамда каралган жоопкерчилик чаралары, анын ичинде 20 000 сомго чейин айып пул салуу каралган.
Акыркы күндөрү эле Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө ондогон мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Текшерүүлөр уланууда жана мыйзам талаптарын бузбоого чакырабыз. Бул багыттагы иш чаралар токтобойт, тескерисинче күчөтүлөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги төмөнкүлөрдү өзгөчө белгилейт:
жайыт — трасса эмес, табият — оюн талаа эмес, көл жээги — мотодром эмес.
Табиятты сактоо — жалпы жоопкерчилик. Эркиндик жоопкерчилик менен бирге болушу керек.