Колдо багылып жаткан чаарчык жаратылыш паркындагы питомникке өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Колдо багылып жаткан чаарчык жаратылыш паркындагы питомникке өткөрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал районунун Байзак айылында колго багылып жаткан жеринен аныкталган эликтин чаарчыгын Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун питомнигине өткөрүп беришти. 

Буга чейин регионалдык башкармалыкка Жумгал районунда жапайы жаныбарды мыйзамсыз багуу фактысы боюнча маалыматты текшерилип, ал аныкталган болчу. 

Чаарчыктын ден соолугунун абалы ветеринарлар тарабынан текшерилип, абалы жакшы экендиги айтылган.