Экологиялык транспортко өтүү: катталган унаалардын өсүшү жана жашыл демилгелер

Чүй өрөөнү
Экологиялык транспортко өтүү: катталган унаалардын өсүшү жана жашыл демилгелер
Экологиялык транспортко өтүү: катталган унаалардын өсүшү жана жашыл демилгелер


Экологиялык транспортко этап-этабы менен өтүү максатында тийиштүү министрликтер, ведомстволор жана шаардык мэриялар тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 909 961ди түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 1 697 100 унаага салыштырмалуу 13 пайызга өскөнүн көрсөтөт. Катталган унаалардын түзүмү төмөнкүдөй:
972 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51%)
57 310 – газ менен жүргөн унаалар (3%)
339 938 – дизель унаалары (18%)

56997 – газ/бензин аралаш (3%)

37 295 – гибрид унаалар (2%)


Калганы – башка түрлөрү


2025-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 15 278 электромобиль катталды, бул жалпы унаалардын 0,8 пайызын түзөт. Акыркы жылдардагы өсүү динамикасы туруктуу экенин белгилей кетүү зарыл:
2022-жылы – 1 113 электромобиль
2023-жылы – 2 310 электромобиль
2024-жылы – 3 122 электромобиль
2025-жылы – 9 870 электромобиль


Ошондой эле автопарктын жаңылануу тенденциясы байкалууда. 2024-жылы 5 жылга чейинки унаалардын үлүшү 1,5 пайызды түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 4,5 пайызга жетти.


Бүгүнкү күндө Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында «жашыл такси» долбоорун ишке киргизүү пландаштырылууда. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү тараптардын катышуусунда талкууланып жатат.


Экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү – айлана-чөйрөнү коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Иш-чаралар мындан ары да ырааттуу түрдө улантылат.