2026-жылдын алгачкы аппараттык жыйыны министр М. Машиевдин жетекчилиги алдында өттү.
14-январь 2026, 14:12
2026-жылдын алгачкы аппараттык жыйыны министр М. Машиевдин жетекчилиги алдында өттү.
Жыйындын жүрүшүндө министр 2025-жылдын жыйынтыктарын чыгарып, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, ошондой эле аймактык башкармалыктардын жаңы имараттарын куруу боюнча жетишилген ийгиликтерге өзгөчө токтолду.
Туруктуу өнүгүүгө багытталган маанилүү концепциялар жана нормативдик-укуктук актылар иштелип чыгып, кабыл алынды. Айрыкча климаттык саясат, калдыктарды кайра иштетүү жана атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу багытындагы иштер белгиленди.
Министр 2025-жылга карата коюлган пландардын сапаттуу аткарылышынын маанилүүлүгүн жана 2026-жылга карата жаңы иш-пландарды ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле кызматкерлерди демилгелүүлүккө, чыгармачыл ой жүгүртүүгө чакырып, калыптанган шаблондордон жана көнүмүш ыкмалардан арылууга үндөдү.
Жыйындын соңунда 2026-жылга карата негизги милдеттер жана артыкчылыктуу багыттар аныкталды.