Кыргыз-австриялык биргелешкен жумушчу топтун биринчи жыйыны
24-ноябрь 2025, 17:01
2025-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Австрия Республикасынын Федералдык каржы министрлиги ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумдун алкагында уюштурулган кыргыз-австриялык биргелешкен жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйында тараптар инновациялык технологиялар, тоо-кен тармагы жана минералдык ресурстарды башкаруу багыттарындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Алдыңкы тажрыйбаны алмашуу, заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү жана биргелешкен долбоорлорду даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тараптар өз ара кызматташууну тереңдетүү жана координацияны күчөтүү үчүн үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп туруу боюнча макулдашты.
Кыргыз тарапты жыйында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Жусупбеков Марат Мамбетович жетектеди.
Австрия делегациясын Австриянын тоо-кен өнөр жайы боюнча жооптуу каржы министринин орун басары мырза Андреас Райххардт баштап келди.
Жыйында Кыргыз Республикасынын төмөнкү ишканаларынын өкүлдөрү да катышты: Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу ГП «Кыргызгеология», ОАО «Кыргызалтын», ЗАО «Кумтор Голд Компани», ОсОО «Макмал Голд Компани», ОсОО «Алтынкен» жана башка компаниялар, ошондой эле министрлике караштуу ГП «Борбордук лаборатория», ОсОО «Кара-Балта тоо-кен компаниясы».
Австрия тарабынан Австриянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин, Леобен тоо-кен университетинин, BPG, Dronetech, Frequentis, ILF жана башка компаниялардын өкүлдөрү катышышты.
Тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
1. Тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.
2. Тоо-кен чөйрөсүндөгү келечектүү инвестициялык объектилер.
3. Кызматташуунун перспективдүү багыттары.
4. Сейрек кездешүүчү жер металлдарын алуу технологиялары жана лабораториялык изилдөөлөрдүн перспективалары.
5. Геология, тоо-кен иши жана минералдык чийки заттарды кайра иштетүү багыттарында билим берүү жана кадрларды даярдоо боюнча кызматташтык.
Жыйынтыгында тараптар тоо-кен тармагында туруктуу жана инновациялык ыкмаларды өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдиришти.