Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары К.У.Касейинов 2024-жылдын 14 –сентябрында өтө турган жалпы Республикалык ишембилик боюнча алдын ала онлайн байланыш аркылуу жыйын өткөрдү

Чүй өрөөнү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлыгы ишке ашырылууда.

Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары К.У.Касейинов Республиканын мамлекеттик жетекчилерин жана акимдер , муниципалдык жана министрликтин кызматкерлери арасында 2024-жылдын 14 –сентябрында өтө турган жалпы Республикалык ишембилик боюнча алдын ала онлайн байланыш  аркылуу жыйын өткөрүп, тиричилик калдыктарын бөлүп чогултуу тапшырмаларын берип, бул тазалык жумалыгы болот деп белгиледи.  

Республика боюнча аймактарды тазалоо иш-чаралары Президент С.Н. Жапаровдун №305 «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын 21-сентябрь күнү Коомдук жайлар, жолдун жээктери , парктар, жайыттар, токой чарба, суу , мектептерде , мекемелердин ичи-тышын, ар бир короо жана облустук деңгээлге чейин жалпы Республикалык ишембилике чыгып  , айтор “ Бир да жер тазаланбай калбашы керек”  деди өз сөзүндө К.У.Касейинов. 

Улуттук тазалык күнүнүн эртеси чогулган таштандыларга жана тазаланган жерлерге министрликтин кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүлөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги   "Жашыл мурас" Улуттук компаниясынын ишке ашыруудагы башкы мамлекеттик орган катары , учурда пландагы отургузулган бактардагы ишке ашырылууда. «Бир жарандан — Бир көчөт» аттуу экологиялык акциянын негизинде, ишембиликтин жүрүшүндө дагы күзгү бак отургузуу иш-чараларында колго алууга министрдин биринчи орун басары К.У.Касейинов  белгилеп кетти.