Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркындагы петроглифтер эми VR виртуалдык чөйрөсүндө жеткиликтүү

Чүй өрөөнү
Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркындагы петроглифтер эми VR виртуалдык чөйрөсүндө жеткиликтүү

Саймалуу-Таш Мамлекеттик Жаратылыш паркындагы уникалдуу петроглифтерди VR (виртуалдык реалдуулук) технологиясынын жардамы менен чагылдыруу долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул демилге “Терра Паблик” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, жалпы суммасы 4 млн сомду түздү.

Долбоордун алкагында петроглифтердин бөлүгү толук санарип форматта жеткиликтүү болуп, виртуалдык туризм жана маданий мурастарды сактоо мүмкүнчүлүгү артты. Учурда дагы төрт катологду даярдоо иштери пландалууда. Бул багытта кошумча грант алуу процесси жүрүп жатат.

Бул долбоор маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жаатында приоритеттүү болуп эсептелет жана келечекте туристтик потенциалды жогорулатууга чоң салым кошот.