Бишкек шаарында абанын сапатын пландык текшерүү

Чүй өрөөнү
Бишкек шаарында абанын сапатын пландык текшерүү

Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаалды комплекстүү көзөмөлдөөнүн алкагында калаанын төрт чекитинде абанын сапаты текшерилип, үлгүлөр алынды. Бул иштерди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жүргүздү.

Өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыктары лабораториялык изилдөөлөр жана алынган маалыматтарды талдоо иштери аяктагандан кийин кошумча берилет.