Социалдык тармактарда «Кемин-Ордо» комплексинин аймагында төө куштар талаптагыдай эмес шартта багылып жаткандыгы тууралуу тараган видео боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жаныбарларды багуу боюнча белгиленген талаптардын бузулгандыгы аныкталды
14-июль 2026, 10:14
Социалдык тармактарда «Кемин-Ордо» комплексинин аймагында төө куштар талаптагыдай эмес шартта багылып жаткандыгы тууралуу тараган видео боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жаныбарларды багуу боюнча белгиленген талаптардын бузулгандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында комплекстин ээлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик чаралар көрүлүп, айып пул салынды.
Видеоматериал жарыялангандан кийин комплекстин ээлери аныкталган кемчиликтерди ыкчам түрдө жоюшту. Төө куштар кармалган аймак толугу менен тазаланып, алардын багуу шарттары талапка ылайык абалга келтирилди. Ошондой эле төө куштар жетиштүү өлчөмдө тоют менен камсыздалып, толук кандуу азыктандырыла баштагандыгы аныкталды.